Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:41

Укук коргоочуларга карата куугунтукту токтотуу талабы коюлду


Коомдук активисттерди көп жылдык саясий ишмердүүлүгү үчүн куугунтуктоо жана саясий басмырлоо токтотулушу керек. Мындай талап менен бүгүн «Борбор Азия кыймылда» уюму чыгып, президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жолдоду.

Уюмдун белгилешинче, президент Конституцияда жазылган талаптарды сактап, коомчулукту адаштырган сөз айтпашы керек.

Өткөн аптада "Элдик парламент" оппозициялык уюмунун жыйынына укук коргоочулар Азиза Абдирасулова менен Төлөйкан Исмаилова да катышкан.

14-майда президент Алмазбек Атамбаев Энелер күнүнө карата куттуктоо айтып жатып "Элдик парламенттин" мүчөлөрүн "туруктуулукту бузгусу келген эл бузарлар" деп атап, алардын жыйынына катышкан эки укук коргоочуну грантын актагысы келген бейөкмөтчүлөр деп атаган.

Абдирасулова менен Исмаилова ал жыйынга мониторинг жүргүзүү үчүн катышканын, мындай ишмердүүлүгүн буга чейинки эки бийлик тушунда да жүргүзүп келгенин жана уланта берерин айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG