Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:28

Орусия Коргоо министрлиги Сириянын Пальмира шаарында аскерий база ачылганы тууралуу кабарларды төгүндөдү. Министрликтин өкүлү Игорь Конашенков Пальмирада шаарды миналардан тазалап жаткан адистердин гана убактылуу лагери жайгашканын, ал Сирия өкмөтүнүн макулдугу менен иштеп жатканын айтып чыкты.

Шейшембиде Associated Press агенттиги Орусия ЮНЕСКО тизмесиндеги бул байыркы шаарда аскерий база ачканы тууралуу кабар тараткан эле. Тарыхый Пальмира шаарын март айынын соңунда Сирия армиясы орус аба күчтөрүнүн колдоосу менен "Ислам мамлекети" террордук тобунан бошоткон. Согушкерлер шаарды басып алган он ай ичинде тарыхый эстеликтердин бир тобунун таш-талканын чыгарган.

Бул шаар тарыхый-маданий комплекс катары ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесинде турат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG