Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:42

ЭОК допингге каршы анализдер кайра текшерилерин жарыялады


Допингди текшерүү.

Допингди текшерүү.

Эл аралык Олимп комитетинин президенти Томас Бах Швейцариянын Лозанна шаарындагы допингге каршы лабораторияга Сочи Олимп оюндарындагы анализдердин үлгүлөрүн заманбап жана натыйжалуу ыкмаларды колдонуу менен кайра текшерип чыгууну тапшырарын билдирди. Буга маалымат каражаттарында Сочидеги оюндарга катышкан ондогон орус спортчулары "мамлекет колдогон допинг программасынын" бир бөлүгү болгону тууралуу кабарлар себеп болду.

"Эгер изилдөөлөр муну ырастаса допинг колдонуунун мурда болуп көрбөгөн кылмыштык деңгээлинин масштабы ачылат", -деп билдирди Эл аралык Олимп комитетинин президенти Томас Бах. Анын билдирүүсүн Франциянын Le Monde гезити 18-майдагы макаласында жарыя кылды.

Томас Бах ошондой эле 2008-жылкы Бээжин жана 2012-жылдагы Лондон Олимп оюндарына катышкан спортчулардын анализдеринин үлгүлөрү да кайра текшерилерин, бул алдыда Рио-де Жанейродогу оюндарга катышууга укук алган ондогон спортчуну да андан четтетиши ыктымалдыгын билдирди.

Орусия жөө күлүктөрүнө былтыр ноябрдагы допинг чуусунан кийин жеңил атлетика боюнча мелдештерге катышуусуна тыюу салынган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG