Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:32

Самаковдун сотунда күбөлөр тергөөчүнүн басымына дуушар болгонун айтууда


Карганбек Самаков

Карганбек Самаков

Бишкектин Октябрь райондук сотунда бүгүн Карганбек Самаковдун соту уланды. Күбө катары суралган Канат Сыдыгалиев аттуу жаран 2008-жылы Байтик айылынан 9 гектар жерди 3 миллион сомго сатып алып, эки айдан кийин кайра 3,2 миллион сомго сатып жибергенин айтты.

Сыдыгалиевдин билдиргенине караганда, тергөөчүлөр ага "басым көрсөткөн, 4-5 жолу суракка чакырып, 3-4 саттан күттүрүп, бар гана жолу кабыл алган жана Самаковго каршы көрсөтмө бербесе камайбыз деп коркуткан".

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаков жана дагы бир топ адамга карата кылмыш иш былтыр 14-майда козголгон. Алар Чүйдүн Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айылдарында жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялаган деп айыпталууда.

Карганбек Самаков иши каралып бүткөнчө өлкөдөн чыкпоо тууралуу тил кат жазып берген. Ал айыпсыз экенин айтып келатат. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG