Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:48

Премьер-министр паспорт берүүдөгү коррупцияны жоюуну тапшырды


Кыргызстандын негизги мамлекеттик документтери
Кыргызстандын негизги мамлекеттик документтери

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн ички иштер министри Мелис Турганбаев менен Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевди кабыл алды. Анда Түркияда Кыргызстандын жасалма паспорту менен 98 уйгурдун кармалышы тууралуу маалымат талкууланып, Турганбаев менен Сарпашевге документ берүү тармагындагы жемкордуктан арылуу үчүн бардык күч-аракет жумшоо тапшырмасы берилди. Премьер-министрдин айтымында, бул сыяктуу көрүнүштөр Кыргызстандын аброюна олуттуу шек келтирип, жарандардын мамлекеттик бийликке карата ишенимин төмөндөтөт.

17-майда Стамбулдагы Ататүрк аэропортунан кыргызстандык паспорт менен 98 кытайлык уйгур Стамбулдан Жиддага учуп жаткан маалда кармалганы кабарланган. (NT)

XS
SM
MD
LG