Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:17

Оролдо дагы эки активист камалды


АКтивист Бауржан Алипкалиев
АКтивист Бауржан Алипкалиев

Батыш Казакстан облусундагы Орол шаардык сотунун судьясы Канат Махметов жарандык активист Бауржан Алипкалиевди "тынч жыйын, митинг, пикет өткөрүү тартибин бузду" деген негизде 15 күнгө камоо чечимин чыгарды. Ал 21-майга белгиленген митинг тууралуу билдирүүлөрдү Фейсбуктагы өз баракчасына көчүрүп жарыялаганы үчүн айыптуу деп табылды. Бул активист 29-апрелде Оролдо жалгыз кишилик нааразылык акциясын өткөргөнү үчүн 20 айлык эсептик көрсөткүчтө (42 420 теңге) айып пулга жыгылган.

Орол соту дагы бир активист Айболот Бөкөновду Фейсбук тармагына митинг тууралуу жазганы үчүн 15 күнгө камоону буйруду. Бул кошуна өлкөдө ушул шейшембиден бери жер маселеси боюнча митингге катышуу ниетин билдирген ондон ашуун адам 15 күндүк абакка камалды.

Казакстандын бир катар шаарларында өткөн айдын соңунда жер сатууга жана чет элдиктерге ижарага берүүгө каршы митингдер өткөн. Мындан соң президент Назарбаев Жер кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө мораторий жарыялап, өкмөткө жер реформасы боюнча комиссия түзүүнү табыштаган.

Бирок ага карабай актвисттер 21-майда жер маселеси боюнча жалпы элдик митинг өтөрүн жарыялаган.

XS
SM
MD
LG