Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:10

 ИИМде паспорт чырын иликтеген топ түзүлөт


Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Түркияда кытайлык уйгурлардын жасалма кыргыз паспорту менен кармалышын Ички иштер министрлигинин атайын тобу иликтейт. Мындай тапшырманы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ички иштер министри Мелис Турганбаевге берди. Ал эми мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашевге иликтөөгө ар тараптуу көмөк көрсөтүү тапшырылды. Эки мекеме кыска мөөнөттө паспорт жаңжалын тактап, иликтөө боюнча биргелешкен аракеттер тууралуу коомчулукка үзгүлтүксүз маалымат берип турмай болду.

17-майда Стамбулдагы Ататүрк аэропортунан кыргызстандык паспорт менен 98 кытайлык уйгур Стамбулдан Жиддага учуп жаткан маалда кармалганы кабарланган. (NT)

XS
SM
MD
LG