Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:17

 КТРКга нааразылык акциясы өтөт


КТРКдагы талкуу.
КТРКдагы талкуу.

Бүгүн бир катар жарандар Бишкектеги Улуттук филармониядан КТРКнын имаратына чейин жөө жүрүш уюштурушат. Алар "Ой ордо" берүүсү өткөн аптадагы чыгарылышында кумсалардын укугун коргоду деген нааразылык билдиришип, бул сыяктуу программалар улуттук ар-намысты тебелей турганын айтып жатышат. Бул тууралуу акцияга катыша тургандардын бири, “Эл үнү” саясий кыймылынын өкүлү Руслан Бекназаров “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтуусунда, акцияда КТРКнын жетекчилигине, байкоочу кеңешине, президент, Жогорку Кеңеш, өкмөткө беш талаптан турган кайрылуу жолдонот. Жөө жүрүшкө чыккандар биринчи каналдан мындай берүүлөрдү кайталабоо, "Кумсалыкты үгүттөөгө тыюу салуу" боюнча мыйзам долбоорун тезинен кабыл алуу, өзүнүн "кумса” экенин ачык айтып чыккандарды жазага тартуу, мамлекеттик жана жеке менчик маалымат каражаттарынын кумса же өзгөчө ориентациядагы адамдарды пропагандалоону ооздуктоо, КТРКнын башкы директору Илим Карыпбековдон кечирим суроону талап кылышууда.

Кыргызстанда "Кумсалыкты үгүттөөгө каршы" мыйзам долбоорун бешинчи чакырылыштагы парламент иштеп чыгып, былтыр июнда экинчи окууда кабыл алган. Азыркы Жогорку Кеңеш аны талкуулай элек. Эл аралык коомчулук буга адам укугун бузуу катары баа берип, документти кабыл албоого чакырып келет. (NT)

XS
SM
MD
LG