Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:06

«Эл үнү» кыймылы “Элдик парламент” лидерлерин бошотууну талап кылууда


Оппозициянын нааразылык жыйыны.
Оппозициянын нааразылык жыйыны.

Коомдук ишмер Азимбек Бекназаров жетектеген "Эл үнү" оппозициялык кыймылы “Элдик парламенттин” лидерлеринин камакка алынышы боюнча билдирүү таратты. Анда “Элдик парламенттин” президентти кетирүү, чоң митинг өткөрүү тууралуу айткандары сөз жүзүндө гана болуп, ишке ашпагандыктан уюмдун лидерлерин кармап, кылмыш ишин козгоо аракети сынга алынган.

“Атамбаев кетет же кетиребиз деген курулай билдирүүлөр үчүн гана аларды камакка алуу бийликтин адам укугун жана демократияны одоно бузганы катары баалайбыз",- деп жазылган.

Ошол эле маалда кайсыл бир чет мамлекеттин жарандары, мамлекеттик кызматкерлери, генералдарына таянган "Элдик парламенттин” айткандары да сындалып, президентти шайлоо же кетирүү Кыргызстандын элинин гана укугу экени жана бийлик мыйзамдын чегинде алмашуусу зарылдыгы эске салынган.

Мындан тышкары кырдаалдын ушундай абалга жетишине бүгүнкү бийликтин, Жогорку Кеңештин, дээрлик бардык жогорку кызматтарды ээлеп алган КСДП партиясынын, президенттин түздөн-түз күнөөсү бардыгы, мындан улам “Элдик парламент” койгон он талап негиздүү экени айтылган. Абалды жөнгө салуу үчүн мыйзамсыз аңдуу, тыңшоолорду токтотуу, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Дастан Сарыгулов, Бекболот Талгарбеков жана башкаларга козголгон кылмыш иштерди кыскартып, бошотуу талабы коюлган.

“Элдик парламенттин” маалыматынан кийин Кыргызстанга кандайдыр бир кызыкчылыктары бар сырткы жана ички күчтөрдүн дымагы ачыкка чыкканы, алардын өлкөнүн ички иштерине кийлигишүүсүнө жол бербөө үчүн биригүүгө, мамлекеттин эгемендүүлүгүн сактоого, ар кандай саясий оюндарды токтотууга чакырык ташталган. (NT)

XS
SM
MD
LG