Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:01

Аксылыктар социалдык көйгөйлөрдү чечүүнү талап кылышат


Жаңы-Жол айыл тургундарынын жыйыны.

Жаңы-Жол айыл тургундарынын жыйыны.

Аксы районунун Жаңы-Жол айылында жергиликтүү тургундар 21-майда митингге чыгышат. Уюштуруучулардын бири, жергиликтүү кеңештин депутаты Надырбек Жанарбековдун “Азаттыкка” билдиришинче, бир ай мурун бийликке коюлган талаптар аткарылган жок. Митингге Жогорку Кеңеш депутаттары, маданият, маалымат жана туризм министри, аймактык бийлик башчылары чакырылат.

Жергиликтүү тургундар 20-апрелде элдик жыйынга чогулуп, айылдагы социалдык маселелерди чечүүгө бийликке бир ай убакыт беришкен. Анда мурда сатылып кеткен бала бакча имаратын мамлекетке кайтаруу, 8 миңге чукул калк жашаган айылга маданият үйүн ачуу, бузулган ички жолдорду оңдоо, райондук ооруканадан 50 чакырым алыста жайгашкан аймакка медициналык "Тез жардам" унаасын бөлүү жана балдарга жөлөкпул берүү тартибин жеңилдетүү талаптары коюлган. Эгер бул талаптар орундалбаса нааразылык акция уланарын билдиришкен. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG