Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:24

АКШда каза болгон келиндин сөөгү Кыргызстанга жиберилет


Нью-Жерси шаарында жашап турган үйүндө жанын кыйды деген кыргызстандык келиндин сөөгү эртең кичи мекени Ош облусуна жөнөтүлөт. Бул тууралуу АКШдагы мекендештер биримдигинен “Азаттыкка” билдиришти. Сөөктү жеткирүү үчүн Америкадагы кыргызстандыктар 8 миң доллар чогултушту. Жолго 5 миң доллардан ашык каражат төлөнүп, калганы маркумдун үй-бүлөсүнө жардам иретинде берилмекчи.

Келиндин сөөгү 16-майда асынган жерден табылганы кабарланган. Анын эмне себептен өз жанын кыйганы белгисиз. Калтырган керээз катында 5 жашар уулун чогуу жашаган Эрмида аттуу кызга табыштаганы жазылган.

Ал баласын жарым ай мурун Америкага алдырган экен.

Буга чейин маркумдун аты-жөнү жалпыга маалымдоо каражаттарында ачык тарап кеткен. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Айымкан Кулукеева алыскы өлкөлөрдө ар кандай жагдайда каза болгон же кырсыкка кабылган жарандар тууралуу маалымат берүүдө журналисттерди этият болуп, аты-жөнүн, сүрөтүн бербей, алардын жакындарын да ойлоону өтүндү. (AS/NT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG