Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:33

Жогорку Кеңештин жыйынына 10 чакты депутат гана катышууда


Ушу тапта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына он чакты гана депутат катышууда. Буга чейин көтөрүлгөн маселелер боюнча өкмөттүн парламенттеги өкүлү Ашырбек Темирбаев маалымат берүүдө.

"Бир Бол" фракциясынан депутат Мыктыбек Абдылдаев башкаруучу фракциядан бир да өкүл жок экенин, "Бир Бол" жана "Республиканын" гана депутаттары отурганын айтып, жыйынды өткөрүү зарылчылыгы канчалык деген суроо койду.

- Бул уят нерсе. Ушуну стенограмма менен фракция лидерлерине жеткирип коюш керек, - деди Абдылдаев.

Жогорку Кеңеште 120 депутат бар. Алар 6 фракцияга бириккен. (RK)

XS
SM
MD
LG