Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:28

Укук коргоочулар президентти сотко берди


Укук коргоочулар Азиза Абдирасулова жана Төлөйкан Исмаилова

Укук коргоочулар Азиза Абдирасулова жана Төлөйкан Исмаилова

Кыргызстандык укук коргоочулар Азиза Абдирасулова менен Төлөйкан Исмаилова президент Алмазбек Атамбаевди сотко берди.

Алар ар бири өз-өзүнчө арыз жазып, кечээ, 18-майда Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна кайрылды. Келтирилген моралдык зыян үчүн ар бирине 2 миллион сомдон төлөп берүү талабы коюлду. Ошону менен катар укук коргоочулар президент алар тууралуу айткан сөзүн расмий түрдө төгүндөшү керек деп эсептейт.

Арыздар соттун канцеляриясында каттоого алынды, териштирүү датасы азырынча айтыла элек.

Абдирасулова менен Исмаилова ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун укук коргоочулардын укугун коргоо бөлүмүнө да жардам сурап кайрылганын айтышты.

Өткөн аптада "Элдик парламент" оппозициялык уюмунун жыйынына укук коргоочулар Азиза Абдирасулова менен Төлөйкан Исмаилова да катышкан.

14-майда президент Алмазбек Атамбаев Энелер күнүнө карата куттуктоо айтып жатып "Элдик парламенттин" мүчөлөрүн "туруктуулукту бузгусу келген эл бузарлар" деп атап, алардын жыйынына катышкан эки укук коргоочуну грантын актагысы келген бейөкмөтчүлөр деп атаган.

Абдирасулова менен Исмаилова ал жыйынга мониторинг жүргүзүү үчүн катышканын, мындай ишмердүүлүгүн буга чейинки эки бийлик тушунда да жүргүзүп келгенин жана уланта берерин айтууда. (ZKo/RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG