Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:58

Кыргыз элчилиги Түркиянын Тышкы иштер министрлигине нота жөнөттү


Иллюстрация
Иллюстрация

Анкарадагы кыргыз элчилиги Стамбул аэропортунда кыргыз паспорту менен кармалган кытайлык уйгурлар окуясы боюнча маалымат алуу үчүн Түркиянын Тышкы иштер министрлигине расмий нота жөнөттү.

Кечээ түрк бийлиги окуя боюнча расмий кайрылуу жасалмайынча тийиштүү маалымат берилбей турганын айткан.

Буга чейин кыргыз тарап паспорттор аныкпы же жасалмабы, билиш үчүн Түркиядан алардын каттоо номуру, сериясын айтууну өтүнгөн.

17-майда Стамбулдагы Ататүрк аэропортунан кыргызстандык паспорт менен 98 кытайлык уйгур Стамбулдан Жиддага учуп жаткан маалда кармалган. (AS)

XS
SM
MD
LG