Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:52

Абдирасулова: Аскаровдун укугун коргоону уланта берем


Азиза Абдирасулова пресс-конференцияда
Азиза Абдирасулова пресс-конференцияда

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова абактагы Азимжан Аскаровдун укугун коргоону уланта берет. Бул тууралуу ал бүгүн Бишкекте өткөн пресс-конференцияда билдирди.

Абдирасулованын айтуусунда, Аскаров "адам укугунун сакталышы боюнча мониторинг жүргүзүп жүрүп милициянын айыбын ачканы үчүн курмандык болууда".

Аскаров 2010-жылдагы июнь окуясынын күнөөкөрлөрүнүн бири катары өмүрүнүн аягына чейин соттолгон. Бирок укук коргоочулар Азиза Абдирасулова менен Төлөйкан Исмалова ал күнөөсүз экенин айтып келатат.

Жакында Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитети Аскаровдун иши кайра каралып чыгышы керек деген сунушун билдирген.

Президент Алмазбек Атамбаев 14-майда Энелер күнүнө карата куттуктоо сөзүндө Абдирасулова менен Исмаилованы "чет жактан алган гранттарын актагысы келген бейөкмөтчүлөр" деп атаган. Бул үчүн укук коргоочулар президентти бүгүн сотко берди. (ZKo/RK)

XS
SM
MD
LG