Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:15

Македония: парламенттик шайлоо белгисиз мөөнөткө жылды


Македония парламенти. Парламент мурдараак таратылганы менен Конституциялык сот кийинки шайлоого камылганы токтотконуна байланыштуу жыйын кайра чакырылган.
Македония парламенти. Парламент мурдараак таратылганы менен Конституциялык сот кийинки шайлоого камылганы токтотконуна байланыштуу жыйын кайра чакырылган.

Шаршембиде Македония парламенти 5-июнга белгиленген парламенттик шайлоону белгисиз мөөнөткө жылдырды.

Парламент мурдараак таркатылганы менен Конституциялык сот кийинки шайлоого камылганы токтотконуна байланыштуу жыйын кайра чакырылган.

Шайлоону жылдыруу чечими өлкөдөгү курч саясий кризистен, оппозициянын каршылыктарынан улам кабыл алынды.

Македониядагы кырдаал 2015-жылдын башында мыйзамсыз телефон “тыңшоо” жаңжалынан улам курчуган. Оппозиция Груевский өкмөт башында турганда 20 миңден ашуун жарандын, анын ичинде полиция, сот кызматкерлеринин, журналисттердин жана дипломаттардын телефон сүйлөшүүсү тыңшалган деп айыптаган.

Акыркы жумаларда тыңшоого айыпталган аткаминерлерге байланыштуу ишти президент Георге Иванов токтоткондон кийин кризис тереңдеген.

Оппозиция ошондон кийин президент чечимин өзгөртүп, же кызматтан кетишин талап кылган. Ошондой эле адилет шайлоо өткөрүүгө азыр шарт жок деп, анын мөөнөтүн жылдыруу зарыл деп көшөрүп келген.

XS
SM
MD
LG