Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:28

Орусия: жакынкы жылдары салык кескин өсүшү ыктымал


Орусиядагы ишканалардын бири
Орусиядагы ишканалардын бири

Орус бийлиги 2018-жылдан кийин салык системасын өзгөртүү пландарын талкуулоодо. Wall Street Journal басылмасы билдиргендей, кирешеге салынчу салыкты 13төн 20%га чейин жогорулатуу сунушталууда.

Өкмөт салыкты көбөйтүүнүн бир нече жолун кароодо. Киреше салыгына байланыштуу эки вариант талкууланууда. Бири аны 20%га чейин көтөрүү. Экинчиси – ири пайда көргөндөр көбүрөөк төлөй турган салык киргизүү. Мындан тышкары кошумча нарк салыгы да жогорулашы ыктымал.

Орусиянын 2016-жылкы бюджети мунайдын бир баррели 50 доллар болгондо бекиген. Биринчи жарым жылдыкта мунай наркы бул көрсөткүчтөн кыйла арзан болду. Бюджет таңкыстыгын жоюу үчүн Орусия буга чейин топтолгон Резервдик фонддун каражатын колдоно баштаган.

XS
SM
MD
LG