Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:49

Тайлак баатыр: сценарий бар, даярдык жок


"Курманжан датка" тасмасын тартуу учуру.
"Курманжан датка" тасмасын тартуу учуру.

"Тайлак баатыр" туурасында тартыла турган толук метраждуу кинотасманын сценарийи Кинематография департаменти менен Маданият министрлиги түзгөн Көркөм кеңеш тарабынан жактырылган. Бирок азырынча тасманын качан тартылары белгисиз. Буга чейин “Шабдан баатыр” тасмасын тартууга өкмөттөн 10 миллион сом бөлүнүп, учурда бул долбоор токтоп турат.

“Тайлак баатыр” толук метраждуу көркөм фильминин сценарийи үчүн өткөн конкурска бир гана эмгек келип түшүп, Көркөм кеңеш Садык Шер-Нияз, Каныбек Иманалиев жана Бакыт Турдубаев биргелешип жазган сценарийди жактырган.

Сценарийдин авторлорунун бири Бакыт Турдубаев окуя каармандын бала чагынан башталып, тасмада согуштук эпизоддорго анчалык басым жасалбаганын айтты:

- Ар бир баланын курчап турган дүйнөнү кабылдоосу курчуп турган учур болот эмеспи. Ошол учурда бала Тайлактын жан дүйнөсүндө “Мен киммин? Кимдер менин душманым? Кимдер менин досум? Менин жеримди кимдер басып жатат? Мен элимди кандай нукта алып кетишим керек? Келечегибиз кандай болушу керек?”- деген курч суроолор коюлуп турган учуру болот. Негизи элдик оозеки санжырада Тайлак баатыр тогуз жашынан баштап чоң чабыштарга катышып жүргөнү айтылат. Ошентсе да биз аны дайыма согуш ичинде жүргөн канкор көрсөткөн жокпуз. Ага караганда элге болгон камкордугуна, адамдык сапатына басым жасаганга умтулдук.

Турдубаев жоокерчилик заманда жашап өткөн Тайлак Рыскул уулу кокту-колоттун, уруунун баатыры эмес, өз элин сырткы душмандардан коргогон улуттун баатыры болгондуктан өзү ал тууралуу тартыла турган тасмага сценарий жазууга макул болгонун кошумчалады.

Ушул эле ойду улап, Тайлак баатыр таржымалын көп жылдардан бери изилдеп жүргөн тарыхчы Жумагул Байдилдеев, Тайлак баатыр XIX кылымдын биринчи жарымында кыргыз элинин көз карандысыздык үчүн болгон кыймылынын ири ѳкүлү болгонун белгилеп, ал тууралуу тасма башка тарыхый тасмаларга караганда биринчи тартылышы зарыл эле деген оюн билдирди:

- Чынында биз тарыхый инсандар тууралуу тасма тартуу жагынан мурдагы постсоветтик өлкөлөрдөн артта калдык. Бул жерде жана айтып өткөн тарыхый инсандардын ичинен Тайлак баатырдын орду башка. Тайлак баатыр кыргыз элинин эркиндиги үчүн күрөшкөн баатыр. Анткени ХIХ кылымдын 30-40-жылдары Кокон хандыгынын баскынчыларына каршы күрөшкөндөрдүн башында турган. Ошол эле учурда ал чыгыш Түркстандын Цин империясына каршы күрөшкө да катышып, уюмдашуу жагынан кыргыздардын аскердик тактикасын көргөзгөн.

“Шабдан баатыр” мамлекет тарабынан каржыланып келип токтоп калды. Ал эмне себептен туруп калганын эч ким билбейт. “Алимбек даткага” да сценарий жазылсын деп ага да бир миллион сом кошулуп берилген.
Таалай Кулмендеев

Бирок Байдилдеев Тайлак баатырдын өмүрү кыргыздар туш тарабынан сырткы душмандардын кысымына кабылган, эпикалык окуяларга бай, албуут доорго туш келгенин, ал мезгилдеги каармандар тууралуу татыктуу тасма жараттуу оңой-олтоң иш эместигин кошумчалады.

Мамлекеттик буюртма менен тартылган "Курманжан Датка" көркөм-тарыхый тасмасынан кийин ар кайсы тарыхый каармандар тууралуу фильм тартуу демилгеси айтылып келет. Кинематографисттер бирикмесинин төрагасы Таалай Кулмендеев өкмөт тарыхый тасма тартуу жаатында иреттүү саясат жүргүзүшү зарыл экенин айтты:

- Мамлекеттик деңгээлде тарыхчылар менен чогулуп биздин кайсы баатырлар биринчи кезекте тартылышы керек, кайсы учур чагылдырылышы керек деген суроолорду тактап алышыбыз зарыл болуп калды. Анткени “Шабдан баатыр” мамлекет тарабынан каржыланып келип токтоп калды. Ал эмне себептен туруп калганын эч ким билбейт. “Алымбек даткага” да сценарий жазылсын деп ага да бир миллион сом кошулуп берилген. Эми болсо “Тайлак баатыр” тартылганы жатат.

Кулмендеев мындай көрүнүш кино жаатында мамлекеттик деңгээлдеги тематикалык пландын жоктугунан улам чыгып жатканын, аны жөнгө салуу зарылдыгын белгиледи.

Мамлекеттик кинодепартаменттин директору Муктаалы Бектеналиев болсо азырынча кайсы бир тарыхый тасманы тартуу тууралуу эч кандай сөз жок экенин, учурда болгону сценарийлерди жыйноо иши жүрүп жатканын айтты:

- Азыр биз баарынын сценарийин эле кабыл алып жатабыз. “Шабдан баатырдын” да сценарийи кабыл алынып, даярдык көрүлүп жатат. Кийимдерди, техникаларды алдык. “Алымбек датканын” сценарийине сынакты эми жарыялаганы жатабыз. Мындай иш-тажырыйба илгери деле болуп келген. Аны “Сценарий сумкасы” деп коет. Бардык сценарийлерди топтой беребиз, анан кайсынысы даяр болуп калса, аны акча каражатына жараша тарта беребиз. Азыр “Тайлак баатырдын” сценарийин өткөрүп жатабыз.

Муктаалы Бектеналиев жакында мамлекеттик кинодепартамент жалаң эле тарыхый тасмаларга эмес, социалдык жана балдар темасындагы сценарийлерге да сынак жарыялай турганын билдирди.

Тайлак Рыскул уулу азыркы Ак-Талаа жана Тогуз-Торо райондорунун чегинде, Куртка деп аталган аймакта туулуп, жашап өткөн. Аны болжол менен 1796-жылы жарыкка келип, 1838-жылы каза болгон деп айтып келишет.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG