Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:47

Мари Йованович АКШнын Украинадагы элчилигине дайындалат


Мари Йованович
Мари Йованович

АКШнын Украинадагы элчиси болуп Мари Йованович дайындалат. Бул тууралуу АКШ Ак үйү маалымат таратты.

Йованович мурда Кыргызстанда жана Арменияда элчиликти аркалаган. 2000-жылдардын башында АКШнын украин элчисинин орун басары болгон.

2012-жылдан тарта мамлекеттик катчынын жардамчысынын орун басары катары Европа жана Евразия иштери бюросунда иштеген.

Йованович Канадада, орусиялык иммигранттардын үй-бүлөсүндө туулган.

Украинада үч жыл иштеген учурдагы элчи Жеффри Паетт Грецияга которулат.

XS
SM
MD
LG