Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:40

2015-жылы Кыргызстандын Кыйноолорго каршы улуттук борборуна 199 кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып мекеменин жетекчиси Нурдин Сулайманов билдирди. Анын айтуусунда, кыйноолордун дээрлик 85 пайызы кылмышка шектелип кармалган адамдардын күнөөсүн моюнга алдыруу максатында колдонулганы белгилүү болду.

Жогорку Кеӊеште 2015-жыл үчүн Кыйноолорду жана башка катаал, ырайымсыз же кадыр-баркты басмырлаган мамиле менен жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча улуттук борбордун директорунун баяндамасы угулду.

Нурдин Сулаймановдун берген маалыматына караганда, былтыр мекеме кызматкерлери, анын ичинде аймактык өкүлчүлүктөр 867 жабык жайда мониторинг жүргүздү.

Жыйынга катышкан ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов кыйноосуз эле кылмышкерлердин күнөөсүн мойнуна коюуга мүмкүн экенин, кызматкерлерге да ушундай талап коюлуп жатканын билдирди. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG