Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:56

Тажикстандын Канибадам районунда диний айып менен беш имам кармалды. “Азаттыктын” тажик кызматы алардын баары Хужанд шаарынын СИЗОсуна киргизилгенин кабарлады.

Тажик ИИМи имамдар “Мусулман агайындар” тобуна катышы бар жана өспүрүмдөрдү Сириядагы согушка азгырган деп шектенүүдө. Аларга каршы ошол эле Канибадамда бир ай мурда кармалган башка имамдар көрсөтмө беришкен. ​Апрелде бийлик Согди облусунан алты имамды камакка алган.

“Мусулман агайындар” тобунун ишмердигине Тажикстан 2006-жылы тыюу салган. Бирок буга чейин аталган уюмга тиешелүү деп кармалгандар өтө сейрек болгон. Аталган диний-саясий топ 1928-жылы Египетте куралган. Көпчүлүк өлкөлөрдө террористтик деп табылып, ишмердиги тыйылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG