Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:54

Греция жоголгон учактын калдыктары табылганын болжолдоодо


Учак кырсыгында жакындарын жоготкон аял
Учак кырсыгында жакындарын жоготкон аял

Грек бийлиги EgyptAir компаниясынын жоголгон учагын издөө учурунда океанда калкып жүргөн эки объектини көрүшкөнүн билдиришти. Маалыматка караганда, ал грециялык Крит аралдарына жакын аймакта көзгө чалдыккан.

Объекттер учак радардан жоголгон аймактан 80 километр ыраактан табылган. Айрым маалымат каражаттары учак Карпатос аралына кулаганын да жарыялап жиберишти.

19-майга оогон түнү Парижден Каирге сапар алган учак коноруна 20 мүнөт калганда радардан жоголгон. Ичинде 56 жүргүнчү, 10 экипаж мүчөлөрү болгон.

Мурдараак, Грециянын коргоо министри Панос Каменос учак радардан өчөр алдында 90 градус солго бурулуп, кайра 360 градус оң ыптасына кайрылып, 7 миң метрден кулап түшкөнүн билдирген эле.

Франция президенти Франсуа Олланд учак кыйраганы тууралуу маалыматтар түшүп атканын, ага себеп болушу мүмкүн болгон бардык шектенүүлөр четке кагылбасын айткан эле.

XS
SM
MD
LG