Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:43

Кыргызстанга Кытайдын тышкы иштер министри келет


Кытайдын тышкы иштер министри Ван Инин Кыргызстандагы эки күндүк расмий сапары 21-майда башталат. Сапардын жүрүшүндө ал президент Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда болуп, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен жолугат. Тараптар Кыргызстан менен Кытайдын саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыгынын азыркы абалын жана болочогун талкуулашат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кытай министринин сапары учурунда темир жол куруу маселеси да козголушу мүмкүн. Кыргызстанды Кытай менен байланыштырган темир жол куруу демилгеси көтөрүлгөнүнө он жылдан ашты. Бирок каржы маселеси боюнча орток пикир табылбай келүүдө. Былтыр президент “Кыргыз темир жолу” ишканасына Кыргызстан-Кытай темир жолунун курулушу боюнча бардык варианттарды иштеп чыгууну жана аны Бээжин менен талкуулоону тапшырган эле. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууга 6-6,5 миллиард доллар кетери айтылган. (NT)

XS
SM
MD
LG