Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:50

Алайда кулаган таш тийген үй жараксыз абалга келди


Ош облусунун Алай районунун Жылуу-Суу айылында жайгашкан үйдү 19-майда кулаган таш талкалап кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, турак жай тоонун түбүндө жайгашкан. Нөшөрлөгөн жаандан кийин таш кулап, үйдүн дубалын бузган. Кырсыктан эч ким жабыр тарткан жок.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул үй-бүлө 2004-жылдан бери жашоого кооптуу деген тизмеде турганын жана аларга коопсуз жерге көчүү сунушу берилип келгенин билдирүүдө. Азыр турак жайы бузулган жашоочулар коңшуларынын үйүндө убактылуу баш калкалап жатышат. (NT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG