Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:59

EgyptAir учагынын калдыктары табылды


Мисирдин бийлиги жоголгон лайнердин калдыктары Жер Ортолук деңизинен табылганын ырастады. Кырсык болгон жерде жүргүнчүлөрдүн сөөктөрү да табылып жатканы кабарланууда. Кечээ түнү грек күчтөрү Парижден Каирге бараткан учактын фрагменттери Крит аралына жакын жерден аныкталганын билдиришкен.

Мисир бийлиги кырсыкка эмне себеп болгонун айтуу азырынча эрте экенин кабарлады. Бирок авиация министри Шериф Фатхи Egypt Air компаниясынын учагы техникалык себептерден эмес, террордук аракеттерден улам кыйрашы ыктымалдыгын жарыялады. Учакта экстремисттер болгонбу же жокпу иликтенүүдө.

19-майга оогон түнү Парижден Каирге сапар алган Airbus A320 учагы коноруна 20 мүнөт калганда дайынсыз жоголгон. Ичинде 56 жүргүнчү, экипаждын он мүчөсү бар болчу.

XS
SM
MD
LG