Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:35

«Сүлүктүкөмүр» ишканасынын директорлор кеңешинин төрагасы камакка алынды


Мындай маалыматты Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова «Азаттыкка» ырастады. Анын айтымында, “Сүлүктүкөмүр" ишканасынын директорлор кеңешинин төрагасы Урмат Нурбаев 18-майда Баткен шаарында кармалган. Азыр облустук милициянын убактылуу кармоочу жайында отурат. Анын үстүнөн тергөө уланууда.

Урмат Нурбаев «Сүлүктүкөмүр» ачык акционердик коомунун мурдагы директору Адыл Абдурахмановдун арызы менен “опузалап 115000 сом талап кылган” деп айыпталууда. Ага карата былтыр октябрда кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган.

Нурбаев “Сүлүктү-Көмүрдүн” директорлор кеңешинин башчысы болуп былтыр сентябрь айында дайындалган.

Быйыл апрелдин этегинде ишканадагы коррупция боюнча жашыруун аудио интернетке жарыяланып кеткен эле. Анда Урмат Нурбаевдин, Мамлекеттик мүлк фондунун башчысынын кеңешчиси Кубаныч Шатемировдун жана “Сүлүктү-Көмүрдүн” иштен алынган жетекчиси Адыл Абдурахмановдун сүйлөшүүлөрү жазылган. Шатемиров Нурбаевди директорлор кеңешинин жыйынынын протоколуна кол коюуга көндүрө албай жатканы байкалат. Нурбаев болсо Абдурахманов ага каршы жазган арызынан баш тартса жана анын негизинде кылмыш иши токтотулса гана кол коёрун айтканы бар.

“Сүлүктү-Көмүрдүн” жетекчилигине байланыштуу буга чейин да бир катар жаңжал катталган. Маселе былтыр өкмөттө каралып, ишкана карызга батканы, жылда эле план аткарылбай калары айтылган. Ишканада апрель окуясынан бери бир канча жетекчи алмашкан, 2011-жылы башчыны дайындоо ызы-чуу менен коштолуп, иш соттошууга чейин жеткен.

“Сүлүктү-Көмүр” ишканасынын 45 пайыз акциясына Мамлекеттик мүлк фонду ээ. (NT/JsA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG