Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:44

Кыргызстандан Казакстанга курал алып бараткан жаран кармалды


Казакстанда кармалган адамдардын саны 20дан ашты
Казакстанда кармалган адамдардын саны 20дан ашты

Кыргызстандан Казакстанга курал-жарак алып өтүүгө аракет жасаган казак жараны кармалды. Чек ара кызматынын маалыматына караганда, кечээ, 19-майда “Ак-Жол” автомобилдик көзөмөл-өткөрмө бекетинен ага тиешелүү машинаны текшергенде ичинен 9 миллиметрдик калибрдеги 12 травматикалык патрон, аскердик үлгүдөгү бычак, 10 огу бар сигналдык жабдык жана кастет табылган.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран кыргыз милициясына өткөрүлүп берилди.

Соңку кезде коңшу Казакстанда түрдүү нааразылык акциялары күчөй баштады.

Кечээ маалымдалганга караганда, Казакстандын ар кайсы аймактарында 20дан ашуун адам “Тынч чогулуштарды өткөрүү жана уюштуруу тартиби тууралуу" мыйзамды бузду деген айып менен камакка алынды. Кармалган адамдар жер реформасы боюнча жеке көз карашын билдирип, 21-майда өткөрүлчү митингди колдоочулар экени айтылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG