Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:22

Бажаев Табалдиев менен сүйлөшкөнүн тастыктаганы кабарланууда


Бусурманкул Табалдиев
Бусурманкул Табалдиев

Орусиялык ири ишкер Муса Бажаев Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси Бусурманкул Табалдиев менен телефондон сүйлөшкөнүн тастыктаганы кабарланууда. Бул тууралуу бүгүн айрым маалымат каражаттары жазып чыкты.

Бажаевдин айтуусунда, ал сүйлөшүү былтыр Таластагы Жерүй алтын кенин иштетүү укугун жеңип алгандан кийин болгон. "Жерүйдү иштетүүгө ага чейин жергиликтүү тургундар каршылык көрсөтүп келгени белгилүү эмеспи. Ошондуктан ошол кездеги УКМК башчысы Табалдиев менен коопсуздук маселесин талкуулоо актуалдуу маселе болчу" деп билдирди Бажаев.

18-майда интернетте “Талас мафиясы Жерүйдү сатып жиберди” деген аталыш менен таратылган тасмада Табалдиев менен Бажаев делген адамдардын сүйлөшүүсү жазылган. Анда Таабалдиевдин үнүнө окшош адам президенттен Бажаевдин Жерүй боюнча долбооруна “көз салып кой” деген тапшырма алганын жана мындан соң аларга жардам берерин айтат. (RK)

XS
SM
MD
LG