Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:14

Ирактын аскерий күчтөрү өлкөнүн батышындагы Эр-Рутба шаарын согушчандардан бошотту. Калааны 2014-жылы “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу ээлеп алган эле.

Коргоо министрлиги билдиргендей, ирактык аскерлер АКШ жетектеген эл аралык коалициянын колдоосу менен Анбар провинциясындагы Эр-Рутба шаарын согушчандардан толук тазалашты. Калаанын чет жакасын согушчандардан арылтуу иштери улантылууда.

Бошотуу операциясы үч күн мурун башталган. АКШ куралдуу күчтөрүнүн расмий өкүлү Стив Уоррен аталган шаардагы исламчыл жоочулар анчейин катуу каршылык көрсөтпөгөндүгүн белгиледи.

Апрелде ирак аскерлери жергиликтүү уруулардын жоокерлеринин колдоосу менен Хит шаарын согушкерлерден бошотушкан. 2015-жылдын аягында Рамади шаары экстремисттерден тазаланган болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG