Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:52

Өзбекстанда бүтүрүү кечелерин өткөрүүгө тыюу салынды


Мектеп.
Мектеп.

Өзбекстанда мектеп мугалимдеринен жана директорлордон бүтүрүү кечелерин өткөрбөө боюнча кепилдик каттар алынууда. Анда мугалимдерге белек берүү үчүн акча чогултууга жол бербөө боюнча да милдеттенмелер камтылган.

Ташкендеги мектептердин биринин директору бул тууралуу "Азаттыктын" өзбек кызматына билдирип, Билим берүү башкармалыгынан көрсөтмө келгендигин кабарлаган. Анын маалымдашынча, мектептеги салттуу бүтүрүү чогулуштарын тартип сакчылары көзөмөлдөйт.

Бүтүрүү кечелерин салтанаттуу түрдө өткөрүүгө Өзбекстанда буга чейин да тыюу салуулар болгон. Ага карабай салтанаттуу жыйындар, акча чогултуулар улантылып келген.

XS
SM
MD
LG