Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:13

Сарпашев: Стамбулда кармалган паспорттордун чыныгы ээлери табылды


Иллюстарция
Иллюстарция

Стамбулда кармалган паспорттордун чыныгы ээлери табылды. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев билдирди.

Сарпашевдин билдиргенине караганда, күч органдары учурда уюштуруучулар, документ жасагандар боюнча иликтөө жүргүзүп жатат.

- Бүгүнкү күндө биз берген документтердин түп нускасы Кыргызстанда, өз ээлеринин колунда экени аныкталды. Ал эми уйгурлардан табылган паспорттор жасалма, - деди Сарпашев.

Мамкаттоо башчысынын айтуусунда, Стамбулда табылган паспорттор 2008 - 2010-жылга чейинки мөөнөттө берилгени белгилүү болду жана алар Мамкаттоо кызматынан тышкары жерде жасалган.

Стамбулдагы Ататүрк аэропортунда 17-майда кыргызстандык паспорт менен 98 кытайлык уйгурдун кармалышына байланыштуу Ички иштер министрлиги атайын топ түзгөн. (NT)

XS
SM
MD
LG