Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:17

Азимжан Аскаровдун ден соолугу начарлоодо


Азимжан Аскаров
Азимжан Аскаров

Азимжан Аскаровдун ден соолугу начарлап баратат. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" анын аялы Хадича Аскарова кабарлады. Ал үч күн күйөөсүнүн жанында болуп чыкканын, жүрөгү, башы, бели ооруп, көзү жана кулагы начарлап, психоэмоционалдык абалы да жакшы болбой жатканын айтууда.

- Чалым милиционерди өлтүрүүгө буйрук берген эмес. Ал уктап жаткан. Көчөдө 30 чакты адам чогулуп келип, тигил жакта милиция кызматкерин өлтүрүштү, Азимжан Аскаровду чакырып койгулачы дегенинен мен өзүм аны ойготуп чакырып бергем, - дейт Аскарова.

Жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаров 2010-жылдагы Июнь окуясында милиция кызматкерин өлтүрүүгө тиешеси бар деген айып менен өмүрүнүн аягына чейин соттолгон. Бул айып тергөөдө да, Жогорку Сотто да далилденген.

Бирок авокаттар алгачкы тергөө материалдары одоно мыйзам бузуу менен чогултулганын айтып келет.

Жакында Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитети Аскаровго карата өкүм кайра каралып чыгышы керек деген сунушун айткан.

Учурда ал Бишкектеги №47 абакта кармалууда. (RK)

XS
SM
MD
LG