Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:49

Аскердеги өлүм боюнча кылмыш иш козголду


2015-жылыКыргызстанда аскер кызматын өтөп жаткан 10 жоокер каза тапкан
2015-жылыКыргызстанда аскер кызматын өтөп жаткан 10 жоокер каза тапкан

Балыкчыдагы аскердин өлүмү боюнча кылмыш иш козголду. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Кыргызстандын аскер прокурорунун орун басары Рахат Шергазиев билдирди:

- Балыкчы гарнизонунун аскер прокуратурасы бүгүн Кылмыш-жаза кодексинин "адам өлүмүнө алып келген шалаакылык" жана "ок-дары, курал-жаракты кайтаруу боюнча өз милдетин так аткарбагандык" деген эки беренесинин негизинде кылмыш иш козгоду.

Соттук-медициналык экспертиза туугандарынын катышуусунда бүгүн эртең менен өткөрүлдү.

Окуя кечээ кечинде Балыкчыдагы аскердик бөлүктө болгон. Келишимдин негизинде кызмат өтөп жүргөн аскер куралды этиятсыздык менен колдонгондуктан снаряд жарылып, катуу жараат алган деп айтылууда.

Былтыр Кыргызстанда аскер кызматын өтөп жаткан 10 жоокер каза тапкан. Ага чейинки 3 жылда 52 аскер көз жумган.

Дээрлик бардык фактылар боюнча тергөө "алар өз жанын өзү кыйган" деген тыянак чыгарган. Бирок бир да ата-эне мындай бүтүмгө макул болгон эмес жана уулдары зомбулуктун курмандыгы болгонун айтып келишет. (RK)

XS
SM
MD
LG