Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:11

Алматыда бир нече киши кармалды


Алматы полициясы шаардын борборунда катылган курал-жаракка же өрт коюуга жарай турган бир катар буюмдар табылганын билдирет.

Полициянын 20-майдагы расмий билдирүүсүндө Алматыдагы эки батирден “ок атуучу курал, жардыруучу заттар, төрт граната жана беш миллион теңге” табылгандан кийин беш киши камакка алынганы айтылат. Ошондой эле темир таяктар, ондогон газ баллон жана башка жардыруучу заттар жасалчу нерселер табылды.

Билдирүү тараган маалда дагы эки активист “уруксат берилбеген иш-чарага даярдык көргөнү үчүн” 15 күнгө камакка алынды.

Жалпысынан соңку 10-15 күндө бери дегенде 26 киши ушундай кине менен камалды.

21-майда Казакстанда жарандык активисттер менен оппозициялык саясатчылар айдоо жерлерин чет өлкөлүктөргө сатуу жана узак мөөнөткө ижарага берүү тууралуу мыйзамды өзгөртүүнү талап кылып, өлкө боюнча нааразылык акциясын уюштурууга камынууда.

Бийлик көзөмөлдөгөн маалымат каражаттары нааразылык акцияларды "сырттагы үчүнчү күчтөр уюштуруп жаткан мыйзамсыз” иш деп көрсөтүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG