Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:31

Тайван: жаңы аял президент Кытай менен диалогду жактайт


Тайвандын жаңы президенти Цай Инвэнь Кытай менен «позитивдүү диалогго» чакырып, аралдын эли эки өлкө ортосундагы тынчтыкты жана стабилдүүлүктү сактоого жоопкерчиликтүү мамиле кылаарын билдирди. Жума күнү эртең менен Тайпейде бийликке келген алгачкы аял президент ант берди. Анын жетектөөсүндөгү оппозициялык Демократиялык прогрессивдүү партия өткөн январда президенттик жана парламенттик шайлоону чоң ажырым менен жеңип алган.

Тайвандын жашоочулары Кытайдын күчөп бараткан таасирине нааразы болушууда. Президент Цай Инвэнь болсо кубаттуу кошуна менен статус кво режимин сактоону колдойт. Тайвандын экспортунун 40% жакыны Кытайга туура келет. Андан тышкары ондогон кытайлык ракеталар аралды бутага алып, аскерий даярдыкта турат.

XS
SM
MD
LG