Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:34

Питерде эки тажик ИМге киши жалдаган деген шек менен кармалды


Санкт-Петербургдун полициясы эки тажикти Сириядагы “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна адамдарды жалдаган деген шек менен кармады.

Тергөө башкармалыгы 20-майда полиция шектүүлөрдөн экстремисттик маанайдагы диний китептерди жана башка материалдарды тапкандан кийин камакка алынганын билдирет. Эгер алардын күнөөсү далилденсе “терроризмди колдоо” деген берене менен жазага тартылышат.

Соңку айларда Орусияда мурдагы советтик республикалардын, алардын ичинен Борбор Азиядан чыккан бир нече аял-эркек Жакынкы Чыгышта согушуп жаткан топторго адамдарды азгырганы үчүн камалып же абакка кесилген.

Орус бийликтери кеминде 5 миң орус жана мурдагы совет өлкөлөрүнүн жарандары “Ислам мамлекети” радикал тобуна кошулуу үчүн Сирия менен Иракка кеткенин маалымдайт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG