Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:46

Ашхабадда 40 дүкөн жабылды


Акыркы аптада Түркмөнстандын борбору Ашхабадда 40 чамалуу дүкөн жабылды. Буга өлкөдө доллардын таңкыстыгы, көмүскө базарда кымбаттыгы, натыйжада импорттук товарлар кымбаттап, соода токтогону себеп болгон.

“Азаттыктын” түркмөн кызматынын маалыматында жабылган дүкөндөр чет өлкөлүк кийим-кечектерди, тиричилик техникаларын жана балдар оюнчуктарын сатышчу.

Түркмөнстан өткөн жылдан тарта доллар колдонууну чектеген. Алгач бир адам бир ай ичинде миң долларга чейин гана сатып алуусу шарт болчу.

Жыл башынан бери өлкөдө доллар жана еврону колдонууга тыюу салынган.

Расмий курс боюнча бир АКШ доллары 3,5 түркмөн манатына барабар. Чектөөлөрдөн кийин ишкерлер көмүскө базардан доллар алууга аргасыз болушкан. Ал жакта доллардын курсу расмий баадан 15% кымбат.

XS
SM
MD
LG