Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:20

Баку мурдагы саясий туткунду өлкөдөн чыгарбай койду


Тофик Ягублу
Тофик Ягублу

19-майда азери бийликтери мурунку саясий туткун, журналист, «Мусават» партиясынын төрага орун басары Тофик Ягублуну өлкөдөн чыгарбай койду.

Анын адвокаты Немат Керимли Якублу Грузияга баратканда Газах районундагы өткөрмө бекеттен токтотулганын «Туран» агенттигине билдирген.

Чек арачылар Ягублуга өлкөдөн чыгууга тыюу салынганын айтышкан. Ягублуда бир ай мурун өлкөдөн чыкпасын деген тыюу алынгандыгы тууралуу прокуратуранын расмий каты бардыгын анын адвокаты айтат.

Ягублу 2013-жылдын январында Исмаиллы шаарында башаламандык уюштурган деп айтыпталып, беш жылга кесилген. Ушул жылы Ноорузга утурлай президент Алиевдин ырайымы менен абактан бошонгон.

XS
SM
MD
LG