Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:20

Польшада коммунизмди пропагандалоого тыюу салынды


Анджей Дуда
Анджей Дуда

Мындай жардыкка Польшанын президенти Анджей Дуда кол койгонун Польша радиосу кабарлады. Мыйзамга ылайык, өлкөдөгү миңден ашуун көчөлөр менен объекттердин аттары өзгөртүлөт. Бир жылдын ичинде жергиликтүү башкаруу органдары коммунизм менен байланышкан энчилүү жер аттарын, көчөлөрдүн, көпүрөлөрдүн аталыштарын өзгөртүүгө тийиш. Ал эми жарандардын паспортторунда жазылган аталыштар сакталып кала берет.

Жаңы мыйзам эстеликтерге жана мемориалдык тактайларга тиешеси жоктугу кабарланууда.

Ушундай эле антикоммунисттик багыттагы мыйзам Украинада өткөн жылы кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG