Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:27

Президент мамлекеттик чек араны бекемдөөнү тапшырды


Мамлекеттин тышкы чегин жана өлкөнүн коргоо жөндөмүн бекемдөө зарылчылыгын мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Башкы штабдын жаңы дайындалган башчысы Раимберди Дүйшөмбиевди кабыл алган учурда белгиледи. Президент Башкы штаб куралдуу күчтөр реформасын аягына чыгара электигин белгилеп, аскердеги тартип менен командирлердин жоопкерчилигин күчтөндүрүүнү тапшырды.

Раимберди Дүйшөмбиев өз кезегинде Кыргызстандын куралдуу күчтөрүн бекемдөө жана армиянын жөндөмүн жогорулатуу үчүн жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Аскердеги бир катар чуулгандуу окуялардан кийин президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн буйругу менен Башкы штабдын мурдагы жетекчиси Жаныбек Капаровду кызматтан алып, анын ордуна Мамлекеттик чек ара кызматынын мурдагы төрагасы Раимбек Дүйшөмбиевди дайындаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG