Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:55

Аксыдагы митингде алтын кенди иштетпөө талабы коюлду


Бүгүн райондун Жаңы-Жол айыл округунун борборунда социалдык маселелерге арналган нааразылык митинг болду. Анын жүрүшүндө аймакка маданият үйүн жана бала бакча куруу, жөлөк пул алуу тартибин жеңилдетүү, жол оңдоо боюнча талаптар айтылды.

Мындан тышкары нааразылыкка чыккандар аймактын Кызыл-Көл участкасында жаңыдан ишин баштап жаткан алтын кен компаниясы жумушун токтотсун деген резолюция кабыл алышты.

400гө чукул киши катышкан акцияга райондук бийлик өкүлөрү келип катышып, элдин талаптарын укту. Соңунда маселелердин чечилишине эки жума убакыт берилди. Белгиленген мөөнөттөн кечиксе, нааразылык акциясы район борборунда чоң масштабда уюштурулмакчы.

Нааразылык акциянын катышуучулары айылдык милиция бөлүмүнүн башчысын элдин укугун тебелеп жаткандыгына байланыштуу жумуштан кетүүсүн да талап кылышты. Жыйынга катышкан Аксы РИИБнүн жетекчиси Момуналы Доулбеков бул талап иликтенерин билдирди.

Буга чейин апрель айында да ушул эле талаптар менен элдик жыйын өткөн.(RsK)

XS
SM
MD
LG