Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:15

Учак кыйрарга бир нече мүнөт калганда лайнердин салонун түтүн каптаганы анда жайгашкан аппараттарда катталып калышкан.

Бул тууралуу Aviation Herald агенттиги Би-би-сиге маалымдаган. Ага ылайык, учактын кыйрашына бортундагы техникалык мүчүлүштүктөр себеп болушу ыктымал. Бул электр зымдарынан чыккан өртпү же жардыргыч зат жарылганбы азырынча белгисиз деп белгилейт агенттиктин редактору.

Мурдараак Греция бийлиги учак кыйрардан мурун эки жолу тегеренгенин, андан соң кескин төмөндөп, деңизге кулап түшкөнүн жазган.

EgyptAir компаниясынын Парижден Каирге багыт алган учагы кыйраган. Анда 56 жүргүнчү жана экипаждын он мүчөсү болгон.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG