Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:54

УКМК: Сириядагы согушка Чүйдөн 60тан ашык адам кеткен


Cүрөттө бир катарда отурган баланын Кыргызстандан барган согушкер экени, Баткен облусунда туулганы айтылган.

Cүрөттө бир катарда отурган баланын Кыргызстандан барган согушкер экени, Баткен облусунда туулганы айтылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматы боюнча, учурда Сирия, Ирактагы согуштук аракеттерге аралашып жүргөн кыргызстандыктардын жалпы сына 500дөн ашуун. Алардын көпчүлүгү өлкөнүн түштүк облустарынан. Бирок акыркы убактарда түндүк облустардан да азгырылгандар көп болууда деп белгиленет маалыматта. Ага ылайык, ушул тапта Сирия жана Иракка Чүйдөн 60тан ашуун киши кеткен. Ошол эле убакта Орусия Сириядагы согушкерлерге каршы күрөшүп жатканын эске алганда Кыргызстан үчүн Ирак менен Сириядагы террордук аракеттердин коркунучу жогору экени айтылат. Буга Орусиянын аскерий аба базасы Чүй облусунда жайгашканы да себеп катары каралууда.

УКМК ар кандай ыктымал террордук аракеттердин алдын алуу үчүн жарандарды сак болууга чакырып, Орусияга каршы жана башка максаттарда согуштук аракеттерге үндөгөн адамдар айылдарда пайда болсо, токтоосуз күч органдарына билдирүүнү өтүнүүдө.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG