Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:56

“Чоң жетинин” мүчөлөрү террорчулукка каршы күрөшүү пландарын макулдашты


“Чоң жетиге” мүчө өлкөлөрдүн каржы министрлеринин Жапониянын Акиу шаарындагы жолугушуусу.
“Чоң жетиге” мүчө өлкөлөрдүн каржы министрлеринин Жапониянын Акиу шаарындагы жолугушуусу.

Макулдашууга ылайык, “Чоң жети” тобуна кирген өлкөлөр террорчулукту каржылоого бөгөт коюу, эл аралык акча которуу операцияларын катаалдантуу жана террорчулукту каржылоого шектүү эсептерди жабуу сыяктуу иш-аракеттерди күчтөндүрүүгө милдеттенме алышты. Мындай чечим 21-май күнү “Чоң жетиге” мүчө өлкөлөрдүн каржы министрлеринин Жапониянын Акиу шаарындагы жолугушуусунан соң кабыл алынды.

Министрлер ошондой эле радикал исламчыларга акча келип түшүүсүн токтотуу боюнча аткарылуучу иштердин планын түзүштү. Бул иш-чаралар “Чоң жетинин” кийинки аптада Жапонияда өтүүчү саммитинде каралып, бекитилери күтүлүүдө.

“Чоң жетинин” курамына АКШ, Британия, Германия, Жапония, Италия, Канада жана Франция кирет. Орусия Крымды аннексиялап алгандан кийин уюмдан чыгарылган.

XS
SM
MD
LG