Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:53

Тажикстанда Башмыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өтүп жатат


Президент Эмомали Рахмон добуш берүүдө. 22-май, 2016-жыл
Президент Эмомали Рахмон добуш берүүдө. 22-май, 2016-жыл

Өлкөнүн Конституциясына киргизилүүчү өзгөртүү президент Эмомали Рахмондун жаңы мөөнөткө шайлануусуна мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле президенттикке талапкерлердин жаш курагын 35 жаштан 30 жашка чейин төмөндөтөт. Мындан тышкары Башмыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр боюнча саясий партиялар жана башка бирикмелер диний көз карашына жана улутуна карап биригүүсүнө бөгө коюлат.

Айрым байкоочулар жалпы элдик референдумда Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр азыркы президент Эмомали Рахмон менен анын уулу Рустам Эмомалинин өлкө башына келүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүү максатында болуп жатканын белгилешет. Алардын айтуусунда, 2020-жылы Эмомали президент болгусу келбесе, анын ордун уулу баса алат. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы мындай пикирлер менен макул эмес.

1994-жылы кабыл алынган Конституция боюнча Эмомали Рахмон 2020-жылы президенттикке талапкерлигин кое албайт.

XS
SM
MD
LG