Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:35

АКШ аскер башчысы Жозеф Вотел Сирияга жашыруун сапар менен барды


АКШнын генералы Жозеф Вотел

АКШнын генералы Жозеф Вотел

Сирияга алдын ала айтылбаган сапар менен келген АКШ аскер башчысы 21-май күнү араб, күрт жана башка куралдуу күчтөр түзүп жаткан коалициянын иши менен таанышты. Бул коалиция "Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы күрөшүү максатын көздөйт.

АКШ куралдуу күчтөрүнүн башчысы Жозеф Вотел Сириянын аэродромдорунун бирине конуп, ал жерде 11 саат болгону кабарланууда. Ал америкалык аскер кеңешчилери менен кездешип, күрт жана араб отряддарын бириктирген Сирия демократиялык күчтөрүнүн лидерлери менен да жолугушкан.

Генерал Вотелди журналисттерден турган чакап топ коштоп жүргөнү айтылууда. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG