Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:56

Президент Кытайдын тышкы иштер министрин "Данакер" ордени менен сыйлады


Президент Алмазбек Атамбаев Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини "Данакер" ордени менен сыйлады. 22-май, 2016-жыл

Президент Алмазбек Атамбаев Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини "Данакер" ордени менен сыйлады. 22-май, 2016-жыл

Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды. Жолугушуунун башында Атамбаев Кытайдын башкы дипломаты Ван Ини “Данакер” ордени менен сыйлады. Мамлекет башчы бул сыйлык Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, эки элдин ар тараптуу мамилесин чыңдоого жана жана “Датка-Кемин” жогорку чыңалуудагы электр линиясынын курулуп ишке киргенине кошкон салымы үчүн экенин айтып, ыраазылыгын жалпы кыргыз элинин атынан билдирди.

Кытайдын тышкы иштер министри Ван И президент Алмазбек Атамбаевге ыраазылык билдирип, “Данакер” орденине ээ болуу өзү үчүн чоң сыймык экенин айтты. Ошондой эле Ван И сыйлык Кыргызстан менен Кытайдын мамилесине кыргыз тараптан жакшы көңүл бурулганынын жана эки элдин терең достугунун күбөсү деп билдирди. Анын айтуусунда, Кытай мындан ары да эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө болгон күчүн жумшайт жана Кытайдын Тышкы иштер министрлиги эки мамлекеттин башчыларынын ортосундагы келишимдерди ишке ашырууга даяр.

Кытайдын башкы дипломаты Кыргызстанга кечээ келген жана бүгүн Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен жолугушкан. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG