Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:10

Тажикстандагы референдум: түшкө чейин шайлоочулардын 66% добуш берди


Тажикстандагы референдум
Тажикстандагы референдум

Мындай маалыматты Тажикстандын БШК төрагасы Бахтиёр Худоёрзода журналисттерге билдирди. Анын айтымында, түшкө чейин референдумга келип, добушун бергендердин саны 2 млн. 933 миң 812ге жеткен. Бул жалпы шайлоочулардын 66,6% добуш бергенин билдирет. Боршайком ошондой эле добуш берүү учурундагы мыйзам бузуулар тууралуу маалыматтар түшпөгөнүн кабарлоодо.

Тажикстандын Конституциясына өзгөртүү киргизүү боюнча жүрүп жаткан референдумда 68 шайлоо аймагында 3 239 добуш берүү участогу иштеп жатат. Мындан тышкары 24 чет мамлекетте 36 шайлоо участогунда добуш берүү жүрүүдө. Референдумга КМШ, ШКУ жана башка эл аралык уюмдардан 124 байкоочусу, ал эми эл аралык маалымат каражаттарынан 320 журналисти көз салууда.

Өлкөнүн Конституциясына киргизилүүчү өзгөртүү президент Эмомали Рахмондун жаңы мөөнөткө шайлануусуна мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле президенттикке талапкерлердин жаш курагын 35 жаштан 30 жашка чейин төмөндөтөт. Мындан тышкары Башмыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр боюнча саясий партиялар жана башка бирикмелер диний көз карашына жана улутуна карап биригүүгө бөгөт коюлат.

Айрым байкоочулар жалпы элдик референдумда Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр азыркы президент Эмомали Рахмон менен анын уулу Рустам Эмомалинин өлкө башына келүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүү максатында болуп жатканын белгилешет. Алардын айтуусунда, 2020-жылы Эмомали президент болгусу келбесе, анын ордун уулу баса алат. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы мындай пикирлер менен макул эмес.

1994-жылы кабыл алынган Конституция боюнча Эмомали Рахмон 2020-жылы президенттикке талапкерлигин кое албайт.

XS
SM
MD
LG