Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:52

Пакистан АКШнын аба соккусун айыптады


АКШнын аба соккусунан өлгөнү айтылып жаткан Актар Мансур
АКШнын аба соккусунан өлгөнү айтылып жаткан Актар Мансур

Тышкы иштер министрлигинин жекшембидеги билдирүүсүндө айтылгандай, АКШ тарап Пакистандын аймагында жасалуучу аба соккусу тууралуу премьер-министр Наваз Шарифке күн мурунтан маалымат берген жок.

Премьер-министрге жана армиянын Башкы штабына маалымат пилотсуз башкаруудагы учактын соккусунан кийин гана айтылды.

Андыктан расмий Исламабад Пакистан-Ооганстан чек арасына жакын аймактагы аба соккусун өлкөнүн суверенитетин бузгандык катары кабыл алды.

Талип лидерлеринин таянычы катары саналган Белужистан аймагына жасалган алгачкы аба соккудан бул кыймылдын жол башчысы Актар Мансур өлтүрүлгөнү айтылып жатат.

Бул маалыматты Ооганстандын чалгын мекемеси билдиргени менен АКШ бийликтери толук ырастай элек.

Пакистан бийликтеринин айтымында, АКШнын пилотсуз учагы Талибан лидери Актар Мансурду бутага алган жерден пакистандык Валид Мухаммед деген адамга жазылган паспорт табылган. (UE)

XS
SM
MD
LG