Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:02

"Талибан" жолбашчысыз калды


Ахтар Мансур
Ахтар Мансур

АКШнын Пакистан аймагындагы аба соккусунан "Талибандын" жолбашчысы Ахтар Мансур жок кылынды. Бул маалыматты ооган бийликтери менен АКШ президенти Обама ырастады. Пакистан болсо АКШнын аба соккусун өлкөнүн суверенитетин бузгандык катары кабыл алды.

АКШ президенти талиптердин лидери Ахтар Мансурдун өлтүрүлүшүн Ооганстанда тынчтыкка жетишүүдөгү “маанилүү бурулуш” деп атады.

Ооганстандын чалгын мекемеси - Коопсуздук боюнча улуттук мекеменин маалыматына караганда, "Талибандын" жолбашчысы Мансур Пакистандын түштүк-батышындагы Белужистан провинциясынын аймагында автоунаада бара жаткан кезинде бутага алынган. Ага АКШнын пилотсуз башкаруудагы учагы - дрондон сокку урулган:

- Учурда жүрүп жаткан антитеррордук операциянын алкагында АКШ күчтөрү Ооганстандан сырткары аймакта Ахтар Мухаммед Мансурдун автоунаасына сокку урду. Бул чабуулдун натыйжасында Ахтар Мансурдун өлтүрүлүү мүмкүнчүлүгү абдан жогору. Молдо Омордун өлүмүнөн кийин Мансур Ооганстандагы террордук чабуулдардын башында турган, террордук түйүндөр менен байланышта болгон. Эгер бул маалымат 100% ырасталса, "Талибандын" ичиндеги кырдаалды олуттуу өзгөртөт, анын ооган элине каршы террордук чабуулдарды жасоо мүмкүнчүлүгүнө олуттуу сокку урат, - деди Ооганстандын башкы аткаруучусу Абдулла Абдулла.

Анын алдында Мансурга каршы Ооганстан Пакистан чегиндеги тоолуу аймакта аба соккусун жасаганын Пентагон билдирген. Пентагондун өкүлү Питер Куктун айтуусунда, АКШ тарап бул аба соккунун жыйынтыктарын ушу тапта иликтеп жатат.

Аба соккусу Белужистан провинциясынын Ахмад Уал деген шаарчасында жасалып, ага АКШ президенти Барак Обама уруксат Берген. Кошмо Штаттар "Талибандын" жетекчилиги жайгашкан деп саналган Белужистан аймагына аба соккусун алгачкы ирет жасады.

АКШнын пилотсуз учактарынын буга чейинки аба соккулары негизинен уруулар жашаган Түндүк жана Түштүк Вазиристан аймактарына урулчу.

Пакистан болсо АКШнын бул аба соккусун айыптады. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин жекшембидеги билдирүүсүндө айтылгандай, АКШ тарап Пакистандын аймагында жасалуучу аба сокку тууралуу премьер-министр Наваз Шарифке күн мурунтан маалымат берген жок.

Маалымат премьер-министрге жана армиянын Башкы штабына пилотсуз башкаруудагы учактын соккусунан кийин гана кабарланган. Андыктан расмий Исламабад Пакистан-Ооганстан чек арасына жакын аймактагы аба соккусун өлкөнүн суверенитетин бузгандык катары кабыл алды.

Пакистан бийликтеринин айтымында, АКШнын учкучсуз башкаруудагы учагы "Талибан" лидери Ахтар Мансурду бутага алган жерден пакистандык Валид Мухаммед деген адамга жазылган паспорт табылган.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Жон Керри Мьянмада иш сапарда жүргөн жеринен Белужистандагы аба соккусу тууралуу Ооганстандын, Пакистандын лидерлерине кабар берилгенин, анын ичинде Пакистан премьери Наваз Шарифке телефон чалынганын айтып, бирок бул качан жасалганын чечмелебей, окуя тууралуу буларга токтолду:

- Ахтар Мансурга сокку урулушу бүткүл дүйнөгө биз ооган өнөктөштөрүбүз менен алардын стабилдүү, бирдиктүү жана коопсуз Ооганстанды куруу жолунда мындан ары да бирге болорубузду көргөзүп жатат. Ахтар Мансур бул аракеттерге жана Ооганстандын элин көптөгөн жылдардан бери азапка салган кыянатчылыктарды токтотууга каршы болуп келген. Ал ошондой эле тынчтык сүйлөшүүлөрүнө жана элдешүү жараянына да караманча каршы болчу. Оогандар үчүн урушту токтотуп, реалдуу келечекти курууну баштай турган учур келди.

Ооганстандын Коргоо министрлигинин өкүлү генерал Давлат Вазиринин айтымында, ооган өкмөтү Ахтар Мансурду тынчтык сүйлөшүүлөрүнө тартууга абдан аракеттенген.

“Ассошейтед пресс” агенттиги Мансур ооган-пакистан чек арасында өлтүрүлгөнүн "Талибандын" молдо Абдул Рауф ысымдуу колбашчысы ырастаганын кабарлайт. Бирок "Талибандын" башка согушкерлери бул маалыматты төгүндөшкөн.

Ахтар Мансур "Талибандын" башчылыгына келгени былтыр июлда кыймылдын мурдагы жолбашчысы молдо Омор эки жыл мурда эле Пакистандын Карачи шаарында өлгөнүн ооган өкмөтү ырастагандан кийин белгилүү болгон. Бирок "Талибандын" айрым колбашчылары Мансурду тааныбагандыктан, анын лидерлиги боюнча талаш дагы чыккан.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG